7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдарды кубанткан ИИМдин кызматкерлери

419

Бүгүн, ИИМдин кызматкерлери Кемин районунда жайгашкан Орловка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына барышты.

Иш-чара социалдык колдоонун алкагында уюштурулуп, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды тарбиялоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Балдардын жетишкендиктерин билүү жана аларга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн Ички иштер министринин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча кеңешчиси, милициянын полковниги Абдумалик Мамыров, ИИМдин Басма сөз кызматынын башчысы, милициянын полковниги Тилек Оторов, ошондой эле өздүк курам келишти.

Балдарды белектер менен кубантуу жыл сайын салтка айланган. Милиция кызматкерлери футбол формасын, топторду, оюнчуктарды, таттууларды алып келишти. Балдар конокторду кубаныч жана шыктануу менен тосуп алышты.

 

 

420