Эркин Мамбеталиевдин 5,7 миллион долларлык мүлкү мамлекетке өткөнүн УКМК билдирди. Алынган мүлктөр кылмыш жолу менен табылган.
Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан «Эдельвейс» эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы үч жана эки бөлмөлүү эки батир, Lexus LX 570 жана Dodge RAM үлгүсүндөгү эки унаа, үч гидроцикл, үч квадроцикл жана боз үй мамлекеттин балансына өттү.
Учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.