Түп районундагы Күрмөнтү айылында 31-июлда түнү катуу жаан жаап, сел каптаган. Буга чейин 7-каналдын редакциясына Күрмөнтү айылынын тургуну Наргиза Абдыкеева кайрылып, алардын 100 гектарга жакын картошка эгилген талаасын толугу менен сел каптап кеткендигин айтып, жергиликтүү бийликтен жардам сураган.
Алар талаага эгилген картошканы 20-августта казып алышып сатып, балдарына мектепке кийим алып беришмек. Үй-бүлөдө жалгыз жолдошу иштеп, алардын чоң суммадагы кредиттери бар болгондуктан акча жетпей жатканын айткан. Бул ирет Наргиза айымдын күйөөсү кайрылуу жасап, жардам сурады.
“Балдарды кийинтээриме 10 күн калды,айыл өкмөтү тарабынан эч ким карабай, жардам бербей жатат. Чоң суммадагы кредиттерим дагы бар болчу, алар да төлөнбөй турат. Бизге жардам берип коё аласыздарбы”,-деди ал
0703163999 -Мбанк жана байланыш номери
Посмотреть эту публикацию в Instagram