Балдарды унаанын багажына салып айдаган айдоочуга 5500 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдирди.
Чүй районун Токмок-Кошой унаа жолунан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу балдарды унаанын багажына салып, айдап бара жаткандыгы боюнча видео тараган.
Бул факты боюнча Чүй районун ЖКККБнын кызматкерлери «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун таап, тийиштүү протокол түзүшүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салды.