7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асель Чынбаева балдарды Жаңы жылы менен куттуктады

358

Жаңы жылдык майрамдардын алдында Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын катышуусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бир катар жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү кайрымдуулук балаты майрамы болуп өттү. Бул иш-чара жакшы салтка айланып, Улуттук тарых музейинде экинчи жыл катары менен өтүп жатат. Балдар үчүн экскурсия жана жаңы жылдык оюндар уюштурулду.

Иш-чарага ата-энелер, Беловодск психоневрологиялык балдар үй-интернатынын өкүлдөрү жана балдар менен түздөн-түз иш алып барган жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле Республикалык «Балажан» эстетикалык тарбия берүү борборунда окуучулар үчүн жаңы жылдык балаты өтүп, анда жомок каармандарынын катышуусунда оюн-зоок көрсөтүлдү. Мектепке чейинки даярдоо студияларында балдар көркөм сүрөт өнөрү, моделдөө жана көркөм кол өнөрчүлүк менен алектенишет, ошондой эле шахмат ойношот, англис тилин үйрөнүшөт жана робот техникаларын жасашат. Жаңы жылдык кечеде конокторго балдардын колунан жасалган кол өнөрчүлүк буюмдар тартууланды.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева өлкөнүн кенже жарандарын жана алардын ата-энелерин куттуктап, балдар Кыргызстандын келечеги экенин жана өлкө жетекчилиги аларга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, ар бир баланын кызыкчылыктары жана муктаждыктары сактала турган инклюзивдүү жана колдоочу чөйрө үчүн шарттарды түзүүгө көңүл бурулууда.

Асель Чынбаева Президент Садыр Жапаровдун атынан балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Өз кезегинде ата-энелер жана балдар өлкө Президенти Садыр Жапаровго жана Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө көңүл буруп, майрамдык маанай жаратып, балдарга кубаныч тартуулаганы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

359