7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдардын жайкы каникулун кантип пайдалуу өткөрүү керек?

469

Жайкы каникул балдардын күч топтоосу, көптөгөн кызыктуу нерселерди үйрөнүүсү үчүн ыңгайлуу учур десек болот. Бул убакытта эс алуу менен биргеликте өзүн өнүктүрүүгө арналган иштерди жасаса жакшы. Деги эле, балдардын жайкы эс алуусун канткенде пайдалуу жана кызыктуу өткөрсө болот? Бул макалабызда айтып беребиз.

 

 

 

 

 

1. Айылда туугандарга жиберип туруу маанилүү

2. Кыргызстандын керемет жерлери болгон Сары-Челек, Арсланбап, Сулайман-Тоо, Соң-Көл сыяктуу өтө көп тарыхый, кооз жерлерибиз бар. Ошол жактарга саякат жасаткан жакшы.

3. Балдар учурда телефон, планшет, компьютерден башын көтөрбөй калды. Ошондуктан сөзсүз китептерди окууга кызыктырышыбыз керек. Аларга жаккан же ылайыктуу китептерди алып келип, чогуу окуп туруу керек.

Каникул көбүрөөк пайдалуу болушу үчүн эскперттер сунуштаган башка да бир топ кеңештерди чогулттук:

  • Бассейнге барып, сууда сүзүү;
  • Парктарга же атайын веложолдорго барып велосипед тебүү;
  • Достор менен сейилдөө;
  • Спортту өздөштүрүү же жаңы спорттун түрүн үйрөнүү;
  • Курстардын түрү көп. Андыктан өзүңүз кызыккан курстарга барып, жаңы нерселерди үйрөнүңүз.
  • Тарыхый, маданий (музей, театр, концерт сыяктуу) жайларга баруу: өзүңүз эле барбай, досторуңуз менен же ата-эне, туугандарыңыз менен барган алда канча кызыктуу болот;
  • Досторуңуз менен бирге акыл-эсти өнүктүргөн оюндарды ойноо;
  • Кызыккан нерселерди үйрөнүү үчүн жайкы лагерге же сабактарга жазылуу.

 

470