Химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада UWIS Эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Иван Решетников коло медаль, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров ардак грамота алды.
IChO-2024кө кыргыз курама командасында Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Нурхан Турдубаев жана “Сема” Ош лицейинин 10-классынын окуучусу Максатбек Кахраманов катышты.
Команда жетекчилери Дооронбек Маметов, Нурсултан Соодонбеков жана Сарвар Хайдаров.
Химия боюнча эл аралык олимпиада 22-29-июлда Сауд Арабияда өттү.