Бүгүн Новосибирск — Бишкек багыты боюнча учкан S7 Airlines авиакомпаниясынын учагында жардыруучу зат болушу мүмкүн деген маалымат түштү.
“Кыргыз аэропорттору” ААКтын билдирүүсүнө караганда, учак саат 17:24тө «Манас» эл аралык аэропортуна штаттык режимде конгон.
Борттогу 158 жүргүнчүнүн баары эвакуацияланып, эч ким жабыркаган эмес. Коопсуздук максатында учак алыскы токтотмо жайга жайгаштырылган.
Учурда кинологиялык кызматтын адистери аны кызматтык иттердин жардамы менен текшерип жатат.
Издөө иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөрдүн жүгү кароодон өтөт.
Аэропорттун тиешелүү кызматтары окуя болгон жерде иш алып барууда. Абал көзөмөлдө.



