7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балды кантип тандоо керек?

845

Сиздин ден-соолугуңузга пайдалуу, бир нече ооруларга дары болгон балды тандоо сырларын билесизби? Балды кантип тандоо керек?

Тандоо эрежелери:

Жасалма бал болсо кашыкка ороп, жогору көтөрүңүз. Эгерде чачырап, жайылып, тез агып кетсе анын кошулмасы көп экенин билсеңиз болот. Таза бал акырындык менен агып, жайылбай түшөт.

  • Жытты сезиңиз, түсүнө көңүл бурбаңыз. Табигый бал ачык же кара түстө болушу мүмкүн.
  • Даамын татып көрүңүз
  • Манжаларыңыздын арасына тамызып көрүңүз: ал териге сиңсе бул сапаттуу продукт;
  • Шекердүүлүктөн коркпоңуз. Табигый түшүм жыйналгандан кийин 1-2 айда кристаллдашат.

Төмөнкү тажрыйбалар өнүмдүн табигый экендигин аныктоого жардам берет:

  • Балды сууга эритип, бир нече тамчы йод же люголь кошуңуз: Эритме көк түскө айланса продукт крахмал же ундан турат;
  • Кагазга тамчылатып көрүңүз, жасалма нерсе жайылып кетет;
  • Ысык зымды балга батырыңыз табигый бал темирге жабышпайт.

Балды кантип сактоо керек:

  • Бал сактоо үчүн эң жакшы жер күн нурунан корголгон шкаф болот. Өтө жогору жана төмөн температура балдын курамын жана консистенциясын бузушу мүмкүн.
  • Бал үчүн оптималдуу температура 10дон 20 ° Сге чейин.
  • Узак мөөнөткө сактоо үчүн 5 ° Сден төмөн температура ылайыктуу, анда бал кристаллдашпайт.
  • Бал дарылык касиетин 1 жылга гана сактайт. Туура эмес сакталса, пайдалуулугун эрте жоготушу мүмкүн.
  • Балды караңгы жерде жана айнек идиште кармаңыз;
  • темирде, калайда жана алюминий банкада сактабаңыз — бул кычкылданууга алып келиши мүмкүн;

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

846