7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бали! Бекзат Алмаз уулу Түркиядагы мелдеште алтын медалга татыды

626

Түркиядагы «Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan» эл аралык мелдешинде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу алтын медаль тагынды.

Мелдешке спортчу 57 кг чейинки салмакта 1/8 финалдан тарта катышып, алгач ирандык спортчуну жеңди. Ал эми чейрек финалда дагы бир кыргызстандык балбан Бекболот Мырзаназар уулун артта калтырды.

Жарым финалда Алмаз уулу казакстандык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Алтын үчүн күрөштө кыргыз балбаны россиялык спортчуну жеңип, алтын медаль утту.

627