7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балкондон кулап жан берген аялдын өлүмүнө шектүүлөр 2 айга камалды

232

Свердлов райондук соту, балкондон кулап жан берген 37 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген чет элдик эки жаранды камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө чет элдик эки шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот аны канааттандырып, шектүүлөр 24-декабрга чейин СИЗОдо болушат.

Эскерте кетсек, окуя 24-октябрда Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Тергөөчүлөр окуяга шектүү катары В.Ю. жана Т.А.нын өздүгүн аныктап, экөө тең 1988-жылы туулган чет элдик жаран экенин аныкташкан. Ошондой эле батирде маркум 1987-жылы туулган В.Т.  да бар болгон. Алардын ортосунда чыр чыгып, аял балкондон кулап жан берген.

233