7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулуш тилкесинде бургулоо-жардыруу иштеринин акыркы этабы жүргүзүлдү

307

Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулуш тилкесинде бургулоо-жардыруу иштеринин акыркы этабы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бул иштер темир жолдун 37-чакырымынан 43-чакырымына чейинки 13 тилкеде жүргүзүлдү. Алгачкы жардыруу 2024-жылдын июль айында аткарылып, жалпы 100 жардыруу жүргүзүлдү.

Белгиленген графикке ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу максатында иштер жүрүп жаткан учурда 37-чакырымдан 39-чакырымга чейинки жол тилкеси убактылуу жабылып турду.

Белгилей кетсек, Балыкчы — Кочкор темир жолунун жалпы узундугу 63,4 км түзөт. Учурда темир жолдун дээрлик бардык тилкесинде жердин алдыңкы төшөмү толугу менен бүттү. Учурда шпал, рельстерди орнотуу иштери улантылып, Кочкор темир жол бекетинин курулушу жүрүүдө.

308