7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчы өткөөл базасы: Жаңылануунун жаңы барагы

365
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кумтөр ишканасынын Балыкчы өткөөл базасына барып, андагы модернизациялык иштердин жүрүшү менен таанышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасына базанын өндүрүштүк жана техникалык инфраструктурасын жаңылоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жүргүзүлүп жаткан модернизация Кумтөр ишканасынын өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана жүк ташуунун ылдамдыгын арттырууга багытталган.
Адылбек Касымалиев базаны модернизациялоо иштери экономикабыздын флагманы болгон Кумтөр ишканасынын туруктуу иштөөсү үчүн маанилүү ролду ойной турганын белгилеп, мындай долбоорлорду өз учурунда жана сапаттуу бүтүрүү абдан маанилүү экендигин кошумчалады.

366