7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда кол өнөрчүлүк ыкмасы менен баңгизат ташыган жаран кармалды

275

Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына баңги затын системалуу түрдө ташып келүү менен алектенген КР жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизаттарды Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына системалуу түрдө ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн баңгизаттарды кол өнөрчүлүк ыкмасы менен даярдашкан.

“Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жүрүшүндө Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан учурунда кармалып, тинтүүнүн натыйжасында 6 кг. баңгизат продукциясы, баңги каражаттарын жасоо үчүн буюмдар, ошондой эле катталбаган «Тоз 8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар алынган”, — деп берилет маалыматта.

Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалып, Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айга камалды.  Тергөө иштери жүрүп жатат.

276