Соц.тармактарда Балыкчы шаарындагы кафелердин биринде милиция кызматкеринин чуу салган видеосу тарады.
Видеотасмадан тартип сакчысынын бир кишини эшиктен киргизе урганын, андан соң сөгүнүп аялга тап бергенин көрүүгө болот.
Балыкчы ШИИБ менен байланышканыбызда бул окуя каттоого алынып, ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштирип жатканын билдирди.