7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Банктардын валюталык операциялардан алган пайдасы 8 эсе өстү

555

Чет өлкөлүк валюталар менен болгон операциялардан коммерциялык банктардын кирешелеринин олуттуу өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 603 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 565 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү.

Ушул жылдын 9 айында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге (28,7 млрд. сомго) көбөйүү менен 75 млрд. сомго жакындады, бул негизинен банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 45 млрд. сомдон ашып, дээрлик 1,5 эсеге өстү.

Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 67%ы пайда алышты, ал эми 13%ы чыгым тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 29,2 млрд. сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 2 эсеге (14,5 млрд. сомго) ашты. Пайданын өсүшү чет өлкөлүк валюталар менен болгон операциялардан алынган кирешелердин көбөйүшү менен шартталды, бул салыштырылып жаткан мезгилде алардын коммерциялык банктардагы көлөмү 8 эсеге көбөйдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-октябрына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 227 млрд. сомдон ашты.

Кирешелер Жалпы

чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык
2021 2022 2021 2022 2021 2022
Бардыгы 45 887,3 74 623,5 31 171,5 45 345,0 14 713,2 29 243,1
Банктар 37 503,6 65 498,8 25 433,2 38 922,7 12 069,0 26 543,6
Күрөөканалар 953,0 772,5 752,2 447,8 200,8 322,0
Кредиттик бирликтер 182,5 181,0 137,3 121,3 45,3 59,7
Микрокредиттик уюмдар 5 943,8 6 330,6 3 817,3 4 290,7 2 125,2 2 039,8
Камсыздандыруу уюмдары 1 265,0 1 802,9 1 008,1 1 535,0 256,9 267,8
Башка уюмдар 39,4 37,7 23,4 27,5 16,0 10,2

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556