Индонезиянын Чианджур шаарынын Ява аралында болгон жер титирөөдөн кеминде 162 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алган. Бул тууралуу «BBC News» жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кечээ, Индонезия убактысы боюнча 13:21де күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө башталган.
«Көп адамдар ооруканага жаткырылып, айрымдары көчөдө эле дарыланууга туура келген. Жер титирөөдөн улам ооруканада бир нече саат электр жарыгы өчүп калганга байланыштуу жабыркагандардын көбү оорукананын унаа токтотуучу жайында дарыланууга аргасыз болгон. Куткаруучулар кулаган үйлөрдүн алдынан адамдарды издөө иштерин улантышууда»,-деп берилет маалыматта.
Батыш Ява провинциясынын губернатору Ридуан Камилдин маалыматы боюнча, 326дан ашуун киши жарадар болгон. Анын айтымында, кырсык болгон аймактардагы кулаган үйлөрдүн алдында дагы деле көп адамдар бар, жарадар болгондордун жана каза болгондордун саны өсүүсү мүмкүн. Ошондой эле 13 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон жана 2 миңден ашуун үй жабыркаган.
Эскерте кетсек, 2018-жылы Индонезияда Сулавеси аралында болгон жер титирөөнүн кесепетинен 2 миңден ашуун адам каза болгон.