7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин куттуктоосу: «Прокуратура — өлкөдөгү мыйзамдуулуктун кепилдиги»

357

Президент Садыр Жапаров көзөмөл органынын кызматкерлерин КРнын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттүүлүгүбүздүн ишенимдүү тиреги болгон прокуратура органы Кыргызстандын укуктук жана демократиялык мамлекет катары өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган маанилүү орган болуп саналат. Өлкөбүздүн социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсү көбүнесе прокуратура органдарынан көз каранды!

Бирдиктүү борборлоштурулган система катары прокуратура органдары жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо, Конституциянын жана өлкө мыйзамдарынын жоболорунун так аткарылышын көзөмөлдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы туруктуу күрөшү жана жеке ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган прокурордук көзөмөл элибиздин адилеттүүлүккө болгон ишенимин бекемдейт. Прокуратурасыз мыйзам үстөмдүгүн орнотуу мүмкүн эместигин баса белгилеп кетүү зарыл. Себеби прокуратура кызматкерлеринин талыкпаган эмгегинин аркасында өлкөнүн бүтүндүгү жана анын туруктуулугу камсыз кылынары бардыгыбызга маалым.

Кыргызстандын прокуратурасы — өлкөдөгү мыйзамдуулуктун кепилдиги. Ошондуктан мыйзамдардын аткарылышы катуу көзөмөлдөнүп, ошол эле учурда адилеттүү да болууга тийиш!

Кадырлуу прокуратура органдарынын ардагерлери, сиздерге өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөөгө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Топтогон мол тажрыйбаңыздар менен бөлүшүп, салт болуп калган жакшы саамалыктарды кийинки муундарга өткөрүп бересиздер деп ишенем.

Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери, дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.

Кыргызстан элинин кызыкчылыгына, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө багытталган жооптуу ишиңиздерде көптөгөн ийгиликтерди жаратып, жаңы-жаңы бийиктиктерди багынта беришиңиздерге тилектешмин!

Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, Мекенибизге ак кызмат өтөөнү каалайм»,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

358