7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баш кошо турган жубайларга медициналык кароодон өтүү милдеттендирилет

2

Жогорку Кеңеште баш кошууга ниеттенген жарандар үчүн милдеттүү жана акысыз медициналык текшерүүнү киргизүүнү караган мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Демилгечилер парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутат Нуржамал Торобекова болду.

Негиздеме-маалым катта Кыргызстанда В, С жана D вирустук гепатити жугуштуу оорусунун, ошондой эле ВИЧ инфекциясынын актуалдуулугу сакталып жатканы белгиленет. Бул оорулар көбүнчө анчейин билинбей, кан жана биологиялык суюктук аркылуу жугуп, дарылоо болбосо, боордун циррозу жана рагы сыяктуу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Демилгенин авторлорунун маалыматы боюнча, көптөгөн жаран ооруп жүргөнүн өздөрү билишпей, өмүрлүк жарына жугузушат. Колдонуудагы мыйзамдар никеге туруу алдында медициналык текшерүүдөн өтүүнү мүмкүнчүлүк катары гана карайт. Мыйзам долбоору менен баш кошууга ниеттенгендер үчүн милдеттүү жана акысыз медициналык текшерүүнү, анын ичинде В, С жана D вирустук гепатиттерине, ВИЧ жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга тест тапшырууну бекитип, жыйынтыктарга купуялуулук кепилдигин берүү сунушталууда.

«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, никени каттоодо текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалым катты милдеттүү түрдө берүүнү белгилөө сунушталууда.

3