7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы дарыгер 300 миң сом пара берип жатканда кармалды

333

Өзгөн райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери 300 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Өзгөн-Кара-Кулжа райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери мыйзам бузууларды жашыруу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн УКМКнын кызматкерине 100 000 сом пара сунуштаган. Баш тартуудан кийин ал акчаны 300 миң сомго чейин көбөйтүп, пара берүү аракетин уланта берген.

Учурда кылмыш иши козголуп, иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

334