Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардан жер тилкесин тарнсформация кылып берүүнү убада кылып, 5 адамдан 21, 500 доллар алып, алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 1989-жылы туулган Ж.к, аттуу тургуну кармалган.
Иликтөө учурунда, шектүү жаран Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Башкы прокуратурасынын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары жалган тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, акча каражаттарын алдоо жолу менен 21 миң 500 доллар алганы аныкталган.
«Аталган фактылар боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда Ж.К. башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Кармалган жарандан жабыркаган адамдар болсо же ал боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билишсе, анда 0702-20-40-70, 0705-00-88-08 номери аркылуу кабарлашса болот«, — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынан сак болууну суранат жана жер тилкелерин сатып алууда бардык документтерди дыкат текшерүү керектигин, ошондой эле текшерүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү убашкаруу органдарына кайрылууну эскертет.