7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратуранын алдында Юридикалык академия ачылды

521

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын алдындагы Юридикалык академиянын ачылыш аземи өттү.

Президент өз сөзүндө белгилегендей, Башкы прокуратуранын юридикалык академиясы заман талабына жооп берген кесипкөй юристтерди, сот кызматкерлерин даярдаган заманбап окуу жай болмокчу.

«Башкы прокуратуранын өзүнчө Юридикалык академиясынын ачылышы маанилүү тарыхый иш-чара. Учурда заман шартына жараша кесипкөй, компетенттүү адистерге суроо — талап өсүүдө. Билим менен тажрыйбаны айкалыштырган мыкты адистерди академия даярдайт деп күтөбүз», — деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, академия прокуратура, юстиция, укук коргоо жана сот органдарынын кадрларын даярдоо системасын өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

522