Саламат Садыкова бир күндө пайда болгон ырчы эмес. Ондогон жылдар бою кыргыздын үнүн, кыргыздын ырын, кыргыздын маданиятын көтөрүп келген инсан. Бул тууралуу Асел Шалтаева Facebook баракчасына жазды.
«Уят эмеспи? Акыркы күндөрү Саламат Садыкова эжекебиздин сыйлык алып жаткан учурда Президентке башын ийип койгонун талкуулап, жамандап, мазактап жаткандарды көрүп, ичим ачышты. Бир эле суроо бергим келет: ушунчалык адамгерчиликтен алыстап кеттикпи? Ал киши эмне үчүн башын ийди мен билбейм. Балким, бул сахнада өмүр бою жүргөн адамдын көнүмүш адеби, балким, ыраазычылыктын белгиси, балким, ошол учурдагы ички сезими болду. Аны Саламат эженин өзү гана билет. Бирок эң негизгиси бул эженин жеке чечими. Аны соттогудай биз кимбиз?
Саламат Садыкова — бир күндө пайда болгон ырчы эмес. Ондогон жылдар бою кыргыздын үнүн, кыргыздын ырын, кыргыздын маданиятын көтөрүп келген инсан. Эл аралык сахналарда Кыргызстандын атын таанытып, кыргыздын өнөрүн башка элдерге жеткирген. Эженин эмгеги мамлекеттик деңгээлде да көп жолу бааланган.
Анан ушунча жылдык эмгекти бир нече секунддук кыймыл менен жокко чыгарабызбы? Бир баш ийгени үчүн анын бүтүндөй өмүрүн, кыргыз маданиятына кошкон салымын унутуп калабызбы? Кечиресиздер, бирок бул жерде маселе Саламат эженин баш ийгенинде эмес. Маселе биздин улууга болгон мамилебизде. Сын айтуу оңой. Телефондун ары жагында отуруп алып адамдын бүтүндөй өмүрүнө өкүм чыгаруу андан да оңой. Бирок сөзүбүздүн артында тирүү адам турганын унутпайлычы. Эже дагы окуйт, жүрөгү бар. Энеси үчүн жүрөгү ооруган балдары, жакындары бар.
Эң кейиштүүсү бүгүн тирүү кезинде таш бараңга алып, эртең бул дүйнөдөн өткөндө:
«Кыргыздын залкар кызы эле…», «Орду толгус жоготуу болду…» деп мактап калбасак экен. Адамды барында барктайлы. Мен үчүн Саламат Садыкова эже кандай болгон күндө да кыргыз элинин залкар ырчысы, маданиятыбызга өмүрүн арнаган инсан бойдон калат. Ал эми бүгүн аны жамандап, мазактап жаткандарга бир гана каалоом бар: Жүрөгүңүздөргө жумшактык келсин. Үйүңүздөргө бакыт келсин. Өзүңүздөргө жакшылык келсин»,- дейт Асел Шалтаева.



