7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратуранын ардагери Валентина Ефремова көз жумду

599

Башкы прокуратуранын ардагери Валентина Ефремова көз жумду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-апрелинде Башкы прокуратуранын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Ефремова Валентина Ивановна 84 жаш курагында дүйнө салган.

Валентина Ивановна 1937-жылдын 19-февралында Кыргыз ССРинде төрөлгөн;

  • 1959-1964-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку советинин президиумунда иштеген;
  • 1964-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун эмгек жолун Кыргыз ССРинин прокуратурасынын сот отурумундагы кылмыш иштерди кароону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп баштаган. Валентина Ивановна прокуратура органдарындагы кызматтын ар түрдүү тепкичин басып өткөн;
  • 1999-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ардагерлеринин катарын толуктаган.

«Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Валентина Ивановнанын жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600