Башкы прокуратуранын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу маалыматты өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК Башкы прокуратуранын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «БМЗ» ААКсынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схеманы аныкташкан.
Шектүүлөр кечээ, 14-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Алар «Бишкек машина куруу заводу» ААКтын Сокулук районундагы жер тилкелерин 600 миң доллардан ашык акчага сатып жиберишкен.