Башкы прокурор менен Мекин Мустафа Кемаль Окем жолугушту
10
Бүгүн, 19-ноябрда, Башкы прокурор Максат Асаналиев Түркиянын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары каралып, анын ичинде эки өлкөнүн жарандарын жана ишкердик субъекттерин коргоо маселелери, укуктук өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.
Тараптар компетенттүү органдардын ортосунда координацияны жакшыртуу, жарандар жана юридикалык жактардан түшкөн кайрылууларды кароодо маалымат алмашуу тартибин өркүндөтүү, ошондой эле экстрадиция, соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана укуктук жардам көрсөтүү жаатындагы кызматташуу маселелерине токтолушту.
Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча конструктивдүү жана натыйжалуу кызматташууну мындан ары да улантуу ниетин билдиришти.