7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокурор Зулушев Алексей Рогов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

666

Бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси, элчи Алексей Рогов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги максаты – прокурордук ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча КРнын Башкы прокуратурасы жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин ортосундагы эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде 2022-2023-жылдарга карата бекемдөө жана кеңейтүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө башкы прокурор Башкы көзөмөлдөөчү орган менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин коррупцияга каршы аракеттенүү, адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, ишкерлердин укуктарын коргоо, ошондой эле прокуратура органдарынын кылмыш-жаза-укуктук статистика жана санариптештирүү жаатындагы ишмердүүлүгүн жакшыртуу маселелери боюнча кызматташтыгынын оң динамикасын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкы прокурор ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысынын көңүлүн глобалдык эл аралык макулдашуулардын жана келишимдердин алкагында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы КРнын эл аралык милдеттенмелерин натыйжалуу аткарылышын жүргүзгөн Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүн мындан ары да колдоо зарыл экендигине бурду.

Мындан тышкары, элчи Рогов Башкы прокуратурага болгон визиттин алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын, укуктук статистика башкармалыгынын, окутуу борборунун жана иш-кагаздарды электрондук жүгүртүү тутуму менен таанышып чыкты. Бул тутум 2019-жылы ЕККУнун колдоосунун астында республиканын бардык прокуратура органдарында колдонууга киргизилген.

Ошондой эле Рогов Башкы прокуратуранын музейинде болуп, ардактуу коноктор үчүн жазуулар китебинде өзүнүн жылуу каалоолорун жазып кетти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667