23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата, прокуратуранын «Наристе» балдар бакчасынын окутуу системасы толугу менен кыргыз тилине өттү. Кечээ, бакчада расмий иш чара болуп, ага Башкы Прокурор Курманкул Зулушев да катышты.
«Жүрөгүндө эне тили, көкүрөгүндө комуздун күүсү ойногон балдардан эртеңки Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков өңдүү чыгаан инсандар чыгарына бөркүмдөй ишенем. Биз канчалык эне тилибиз тууралуу кеп кылбайлы, маселе тилде гана эмес, тил аркылуу улутту сактап калууда турат. А улуттун пайдубалы — биздин балдарыбыз болот. Ошондуктан биз балдарыбызды наристе кезинен «Мен Кыргызмын» «Мен кылым карыткан улуу элдин урпагымын» деп сыймыктануу менен айта тургандай тарбиялашыбыз керек.” – деп баса белгиледи Башкы прокурор.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министри Б. Купешов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы С. Мусаев, академик А. Акматалиев, тарбиялануучулардын ата-энелери жана жалпы прокуратура органдарынын кызматкерлери катышкан.
Иш-чаранын катышуучулары коомдогу мамлекеттик тилдин орду жана аны өнүктүрүүгө жасалган аракеттер тууралуу кеп козгошту. Ошондой эле, алар Башкы прокурорго мамлекеттик тилдин өнүгүүсү үчүн жасаган аракеттерине ыраазычылык билдиришип, расмий тилде тарбия берип келген “Наристе” балдар бакчасын мамлекеттик тилде тарбиялоого өтүү тууралуу Башкы прокурордун демилгесин колдошуп, бул иш башка мамлекеттик мекемелерге үлгү экендигин айтып өтүштү.