Бишкек шаарында баңгизат менен алектенген шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизат жана борбордогу көп кабаттуу үйдөгү батирде баңгичилер топтолуп жатканы тууралуу маалымат алышкан. Июндун аягында аталган кызматтын жана Октябрь РИИБдин кызматкелери атайын операция жүргүзүп, анын жыйынтыгында бир катар буюмдар алынды.
Аталган батирден табылган баштыктын ичинен 141 «шайба» (2,7 кг гашиш), ийнелер чыккан. Текшерүү учурунда 1989-жылы туулган П.Ю. шектелип кармалып, тергөө жүрүп жатат.
Милиция кызматкерлери бул иштин башка катышуучуларын да издейт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram