7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: 07:50гө карата 134 жаран жабыркап, 13ү көз жумду

1715

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин саат 7.50гө берген маалыматы боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 134 кишинин 13ү көз жумду.

Жаракат алгандардын 25и атайын борт менен Баткенден Бишкекке алып келинип, Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Эки кишинин абалы оор деп бааланууда. Калгандарыкы орто оордукта жана салыштырмалуу канааттандырарлык экени айтылды.

Баткенде чыр 28-апрелде чыккан. Таңга маал абал курчуп, эртеси эки тарап ок чыгара баштаган болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү ведомство жетекчилери ымалага келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы менен түндө Баткендин Лейлегиндеги айылдарда үйлөр, дүкөндөр өрттөлүп, атышуу уланып жатканы айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1716