Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуубуз өттү.
Татарстандын Казань шаарында өткөн жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкууланган.
«Биз республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгыбызды билдирдик. Чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирибизди билдирдик«,-деп жазат премьер-министр Улукбек Марипов жеке баракчасында.