Буга чейин социалдык тармактарда төмөндөгү аялдын сүрөтү тарап, тажиктер тарабынан сабалгандыгы айтылган. Бул маалыматты Баткен ОИИБи четке кагып, жабырлануучуну тажиктер эмес, өзүнүн туугандары сабашканын айтат.
Маалыматка ылайык, окуя 18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Айдаркен шаарындагы соода базарында болгон.
Бул факты Кадамжай РИИБинде «бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.