7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Абал турукташып, тургундар үйлөрүнө кайтышууда

623

Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17 миң 799 жарандын ичинен 8687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтышты.

Ал эми, ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 жараны толугу менен жана Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.

Мындан сырткары 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү 7 техникасы даярдыкта турат. Жарандарды ташуу үчүн райондук Жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 бирдик автоунаа тартылды.

Эскерте кетсек, абал курчуган айылдардан жалпы 18 миң 507 жаран эвакуацияланып, анын ичинен туугандарынын үйлөрүнө өз алдынча жайгашканы 17 миң 799 жаран (3398 үй-бүлө), ал эми убактылуу жайларга жайгашкан тургундардын саны 708 жаранды түзгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

624