Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, бүгүн саат 11ден 12:30га чейин тажик тараптын делегациясы менен жолугушуу өттү.
“Анда түнкү саат үчтө кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча сүйлөштүк. Азыркы кезде мамлекеттик органдар, күч структуралар өздүк курамга кошумча кирген аскер техникаларын чек арадан алып чыгып жатышат. Экинчи маселе, аскердик прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Үчүнчү маселе милиция кызматкерлери негизги трассаларда биргеликте иштерди алып барып жатат.
Ошондой эле Согди облусунун башчысы менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштүк. Азыр мен Жаңы-Жер айылынын тургундары менен жолугушам. Жалпысынан учурда кырдаал тынч”, — деди ал.
Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен ок атышуу орун алган. Экинчи ирет ок атышууда кыргыз аскери жарадар болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram