7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Аткезчилик менен 23 000 кг «лазер» ак күрүчүн ташып кирген

679

Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан күрүч кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынын  басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө Оперативдүү бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунда КР жараны «А. у М.» башкаруусунда «DAF» үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулган.

Транспорт каражатын кароодо салмагы 23 миң кг, ал эми наркы 2 млн 300 миң сомду түзгөн “лазер” ак күрүчү табылган. Товар Кыргызстанга чектеш мамлекеттен ЕАЭБдин мыйзамдарын бузуу менен ташылып келе жаткан.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке жалпы суммасы 539 350 сомду түзгөн материалдык зыяндын орду толтурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

680