7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен эли колдоо көрсөткөн мекендештерге жана дүйнө коомчулугуна ыраазычылык билдирет

647

Баткен элинин башына түшкөн оор кырдаалга кайдыгер карабай, чын дилден көрсөткөн жардамыңыздар үчүн, ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларга байланыштуу, “Баткен облусунда ондогон өмүрлөр кыйылып, жүздөгөн жарандар жараат алып, жүздөгөн үй-бүлөлөр турак жайсыз калды” деген кабарды, ар бир мекендешибиз оор жоготуу катары кабыл алганын сезип турабыз.
Мындан улам, кайрымдуу инсандар тарабынан “Баткен биз сени менен” деген ураан аркылуу, моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү иштери ыкчам жана аябай активдүү уюштурулуп жатат.
Кыргыз эли ынтымагын, биримдигин жана берешендигин дагы бир ирет далилдеди.
Бул күндөрү бизге өлкө аймагынан эле эмес, дүйнө коомчулугунан да жардамдар келип жатат.

Жалпы облус элинин атынан, жардам колун сунган ар бир жаранга терең ыраазычылык бидиребиз.
Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун», -деп жазылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648