7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Баткен-Комфорт» базарында ири өлчөмдө мыйзам бузуулар аныкталды

461

УКМК соода базарлары тарабынан салык мыйзамдарын бузууларды аныктоо, ошондой эле ишкердиктин субъектерине жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, “Баткен-Комфорт” (“Реконс” ЖЧКсы) курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулкан базардын жетекчилери менен эсепчи-кассири кармалды. Чогулган акчалар жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзөт.

«Ошол эле учурда, ижара келишимдеринин шарттарына ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген. Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги салыктарды төлөөдөн качкан, ошондой эле ижарачылардан өндүрүлгөн каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп, соодагерлерге жана базардын кызматкерлерине тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берген эмес. Мындан тышкары, август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33% га жогорулаткан.
Ошондой эле, архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган» — деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 9-декабрда төмөндөгүлөр кармалып, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

1. 1963-жылы туулган Ш.М.А., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары.
2. 1977-жылы туулган Т.Б.Б., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директору.
3. 1958-жылы туулган С.О.Н., “Реконс” ЖЧКсынын кассир-бухгалтери.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул “Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңешинин 4 чакырылышынын депутаты,  мурдагы биринчи вице-премьер-министри Шадиев Аскарбек Алимбаевич.

УКМК соода базарлары тарабынан салык мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин, ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мыйзамсыз тоскоолдуктарды жана туура эмес шарттарды түзгөн ар кандай фактыларды түзүүгө жол берилбестигин, эгерде аныкталса мыйзамдарга ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

462