7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен мамлекеттик университетинде 17 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

278

2020-2024-жылдар аралыгында Баткен мамлекеттик университетинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Жогорку окуу жайдын жооптуу кызматкерлери контракттык негизде окуу үчүн акы төлөнүүчү студенттердин акча каражаттарын ыйгаруу боюнча мыйзамсыз схеманы, ошондой эле жалган документтерди тариздөө жолу менен командировкалык чыгымдарды негизсиз төлөөлөрдү уюштурган. Студенттер контрактка төлөгөн 14 млн.447 миң 200 сом акча каражаты бюджетке түшпөй, университеттин жооптуу адамдары тарабынан кымырылган.

Университеттин жооптуу адамдары тарабынан кызматкерлерге жана студенттерге 2 млн.875 миң 300 сом суммасында негизсиз чет өлкөгө командировкалык төлөмдөр системалуу түрдө жүзөгө ашырылган.

Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматын тартуу менен жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян 17 млн.322 миң 500 сомду түзгөн.

Учурда кызмат адамдарын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу жана алар тарабынан аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

279