7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен менен Согди облусунун башчылары жолукту. Жетишилген макулдашуулар

469

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушуу бүгүн, 2-майда Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен аймагында өттү. Жолугушууга ошондой эле эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Эки тараптуу жолугушууда чек арадагы акыркы кырдаал талкууланып, ар кандай пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, күнүмдүк турмуш тиричиликке байланыштуу орун алган маселелерди жеринде чечүү сүйлөшүлдү.

Ошондой эле төмөнкү маселелер боюнча сөз болду:

— учкучсуз учуучу аппараттардын (ДРОН) учушу;
— сугат сууну пайдалануу;
— сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо;
-көпүрөлөрдү, жолдорду оңдоо маселелери каралып, бул маселелердин үстүндө иш алып баруу максатында тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлүп, жеринде иш алып баруу тапшырмасы коюлду.

Эки тараптуу комиссиянын жолугушууну үстүбүздөгү жылдын 4-майында Лейлек районунун Максат айылында өтө турган болду.

«Белгилей кетсек, Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчылары иш үстүндө байма-бай жолугушууларды өткөрүп турат. Бул аракет чек арадагы тынчтыкты сактоо, аймактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатын көздөйт», — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470