Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп мамлекеттик чек ара кызматынын экс-төрагасы Абдикарим Алимбаев дайындалды.
Тиешелүү буйрука өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, мурдагы облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев, кече отставкага кеткендигин жарыялаган. Ошону менен бирге анан орун басары Эрлан Сапарбаев да кызматынан бошотулганы айтылды.