7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунда 4 ири суу чарба объектеринин курулушу жүрүүдө

410

Баткен облусунда 4 ири суу чарба объектеринин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Узундугу 7,3 км болгон Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагындагы Молдо-Нияз каналынын жалпы сметалык баасы 280,0 миллион сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 224,0 миллион сомдук курулуш иштери аткарылды. Учурда 538 метр тоннель казылып, аны бетондоо иштери аткарылууда. Аталган сугат каналынын курулушу аяктаса 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт жана 410 гектар жерге суу берүү жакшырат.

Ал эми Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы «Кара-Кыштак Боз» каналынын сметалык баасы 401,0 миллион сом.
Бүгүнкү күндө аталган каналга кошумча дагы 1,5 км ички чарбалык канал куруу иштери жүрүүдө.
Бул сугат каналынын курулушу менен, 568 гектар жер өздөштүрүлүп, 700 гектар жерге суу берүү жакшырат. Каналдын узундугуу 14,5 км.

Ошондой эле Баткен районунундагы « Р-4 » каналын куруу жана сыйымдуулугун көбөйтүү курулушунун жалпы сметалык баасы 500,0 миллион сом. Бүгүнкү күндө аткарылган жумуштардын болжолдуу суммасы 347,0 миллион сомду түздү. Каналдын жалпы узундугу 46 км болсо, анын 12,4 км аралыктагы эски негизги бөлүгү толук бүткөрүлүп, жаңы каналдын 3950 м бетондоо иштери, жаңы ички чарбалык каналдын 24 миң 600 м курулушу бүткөрүлдү. Натыйжада каналдын курулушунун 1-этабы аяктады. Курулуштун аякташы менен 1500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Ал эми Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу жеткирүү, дюкер куруу үчүн Республикалык бюджеттен 100 млн сом акча каражаты каралып, азыркы күндө дюкердин суу алуучу курулмасында жана кум топтолуучу жайында курулуш жүрүп жатат. Долбоор аяктаса жалпысы 2500 гектар жер өздөштүрүлөт жана сугат суу берүү жакшырат. Эң негизгиси суу таңкыс болгон, чек арадагы, эң алыскы Максат айылына суу жетет.

Бул курулуштар 2026-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиялык мамлекеттик программа боюнча аткарылып жаткан ирригациялык обьектер болуп саналат. Бул программага облустан жалпы 8 ирригациялык курулмалар кирген. Учурда аткарылып жаткан 4 сугат каналынын курулуштарына республикалык бюджеттен жана инвесторлордон этап-этап менен каражат ажыратылып, курулуштары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

411