7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунда 43,6 миң «акылдуу» эсептегич орнотулду

148

2025-жылга карата облус боюнча жалпы 43 685 «акылдуу» эсептегич орнотуу пландалган.

Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө планга киргизилген электр эсептегичтер толук орнотулуп бүттү.

Тактап айтканда облустун Баткен району жана Баткен шаары толугу менен жана Кызыл-Кыя шаары «акылдуу» эсептегичтер менен камсыздалды.

Мындан тышкары, быйылкы жалга Баткен облусу боюнча 43,45 чакырым алюминий зымдарын СИПке алмаштыруу пландалса, учурда анын 31,34 чакырымы толук алмаштырылды.

Ошондой эле, иштин сапатын арттыруу жана электр түйүндөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 1568 жыгач мамы темир-бетон мамыга алмаштырылды.

149