7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 34,5 гектар жайыт жер мыйзамсыз трансформацияланган

781

Баткен облусундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 27-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин буйругу менен Халмион айыл өкмөтүнө караган 34,5 га жер тилкеси “жайыт” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которулган.

Бул буйруктун негизинде Халмион айыл өкмөтү тарабынан 2016-жылдан 2021-жылга чейин жеке турак-жай куруу үчүн «Ирелеш» конушунан жалпы 50 жер тилкеси бөлүнүп, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан бул тилкелерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

«Кыргызмамжердолбоорло» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик экспедициясы МИнин мамлекеттик институтунун маалыматы боюнча Ирелес айылындагы 14,5 га жер «жайыт» деп көрсөтүлгөн. Жер кодексинин 1-беренесинин 26-пунктуна ылайык жайыт жерлер айыл чарба багытындагы жерлерге кирет.

Мындан тышкары, ушул Кодекстин 20-беренесинин 12-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлерди талаптарга ылайык башка категорияларга которуу өкмөттүн компетенциясына кирет.

Ошондой эле, ушул Кодекстин 15-беренесинин 82-пунктуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлер райондук мамлекеттик администрациялардын органдары тарабынан жерлердин башка категорияларына ылайык берилбейт.

Аталган факты боюнча 2022-жылдын 18-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

782