7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жетим балдарга «Бишкек Аренанын» ачылышына 100 VIP-билет берилди

162

«Бишкек арена» стадионунун ачылышына президенттин иш башкармалыгы жетим балдар жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн 100 VIP-билет бөлдү. Бул тууралуу «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди.

«Биздин балдар үчүн бул жөн гана билет эмес. Бул — чоң иш-чаранын бир бөлүгү болуп, ошондой эле өздөрүнө көңүл бурулуп, кам көрүлүп жатканын сезүүгө берилген мүмкүнчүлүк» — деп жазды ал.

Беляев балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана бүтүрүүчүлөрү үчүн бул чоң окуя болуп каларын жазды.

Белгилей кетсек, билеттер өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан берилип жатат.

 

163