7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен ОИИБдин начальнигинин орун басары киши колдуу болгону маалым болду

1251

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басарын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-март күнү саат 11:17лер чамасында Баткен ОИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көкүрөгүнөн жаракат алып, 1974-жылы туулган жарандын каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн.

Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө кызматы менен биргеликте Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов аталган жерге барып окуяны такташат. Аталган жерге барып, Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын подполковнигинин жансыз денесин белгисиз жарандар Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа менен жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин билдиришкен.

Бул факты Баткен ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын 34 жаштагы тургуну, маркумдун жээни аны учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталган.

Баткен ОИИБдин жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пульгон айылынан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34 жаштагы жаран жана анын кылмыштуу шериктери кармалган.

Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин милиция маалымат таратып, Аскарали Мухамадиев 47 жашында көз жумганын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1252