7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
10°C

Баткен: Жыл башынан бери 764 тургун ооруканаларда бекер дарыланган

184

2023-жылдын 6-мартында республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн Саламаттык сактоо министрлигинин жумалык жыйынында Баткен облусунун тургундарына өз убагында жана акысыз медициналык жардам көрсөтүү боюнча маалымат угулду.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 «Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Баткен облусунун калкына амбулатордук деңгээлде көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы, рентгенографиялык изилдөөлөр, ички органдардын ультраүн текшерүүлөрү акысыз көрсөтүлөт, ал эми стационардык жардам (ооруканага жаткырууда) 50% жеңилдик менен берилет. Ошону менен бирге Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, анын ичинде Баткен шаарынын жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынын тургундары саламаттык сактоонун стационардык уюмдарына алгачкы жана кайталап госпиталдаштырууда кошумча төлөөдөн бошотулушканын белгилейбиз.

2023-жылдын башынан бери Баткен облусунун 764 тургуну республиканын аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарына кайрылып, бекер дарыланып чыгышкан. Анын ичинен 390 адам үчүнчү баскычтагы, Улуттук ооруканаларга жаткызылып, тийиштүү дарылануудан өтүшкөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасында – 99 адам;

  • Курортология институтунун базасында – 95 адам;
  • Улуттук Госпиталда – 112 адам,
  • Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 37;
  • Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунда – 47 бала дарыланып чыгышкан.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине Баткен облусунун тургундарына өз убагында жана акысыз медициналык жардам көрсөтүү маселесин тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.

Былтыркы жылы жалпысынан Баткен облусунун 1693 жараны саламаттык сактоо уюмдарына кайрылып бекер дарыланып чыгышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

185