Баткенде жогорку класстын окуучусу бычактан алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу 7-каналга облустук милициядан тастыктады.
15-апрелде саат 21:05 чамасында 16 жаштагы кыз денесинин эки жеринен бычактан жаракат алып, Баткен облустук борбордук ооруканасына түшкөн.
Факты Баткен РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Учурда кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо үчүн тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилген.