Баткенде 2,2 млн сомдук аткезчилик жүк аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлады.
Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда, Кыргызстанга ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок айнек аныкталган.
Жүктүн жалпы салмагы 15 миң 484 кг, орточо базар баасы 2 млн 259 миң 750 сомду түзөт. Бул факт боюнча материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.