7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2 жашка толо элек кызын сабап, видеого тарткан аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди

575

Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-январында Кадамжай районунун тургуну 1984-жылы туулган А.Б. арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жарандык никеде жашап жүргөн аял 2023-жылдын 5-январында өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча жаш балага карата соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн аял 2023-жылдын 30-январь күнү Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде, аялдын үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут Кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө Кадамжай РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы менен алып барылып, жайгаштырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

576