7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 2170 студент окуудан чыгарылды

397

Баткенде жогорку жана адистештирилген окуу жайлардын талаптарына көңүл бурбоо жана катышуу эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, Баткен мамлекеттик университетинен жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент окуудан чыгарылды.

Тактап айтканда:

  • Баткен мамлекеттик университенинин башкы мекемеси – 570;
  • Кызыл-Кыя «М.М.Тайиров» атындагы гуманитардык-педагогикалык институту – 801;
  • Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту – 380;
  • «А.А.Машрабов» атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту – 171;
  • БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледж – 234;
  • БатМУнун алдындагы педагогика жана коммуникация колледжи – 14.

УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык жана башка мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

398